> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Австрия транспортту санариптештирүүдө кызматташат
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/26/kyrghyzstan-mienien-avstriia-transporttu-sanariptieshtiruudo-kyzmattashat/
- Published: 2025-11-26T07:45:12.000Z
- Updated: 2025-11-26T07:45:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Австриянын Финансы министринин орун басары Андреас Райххард башында турган австриялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.** 

Жолугушуунун негизги темасы – транспорт тармагын санариптештирүү жана электрондук документтерди колдонуу тажрыйбасын алмашуу болду. 

> Базаралиев министрлик ар дайым көп тараптуу кызматташууга ачык экенин белгилеп, учурдагы келишимдерди бекемдөө жана жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин айтты. Ал ошондой эле Европа Биримдигинде электрондук башкаруу жана автоматташтырылган транспорттук системаларды киргизүү боюнча Австриянын тажрыйбасына кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар мындан ары тыгыз кызматташтыкты улантууга макул болду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-75.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-65.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-55.jpeg)