> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандар Транспорт министрлигинин ишин эми "Түндүк" аркылуу баалай алышат
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/26/zharandar-transport-ministrlighinin-ishin-emi-tunduk-arkyluu-baalai-alyshat/
- Published: 2025-11-26T07:20:52.000Z
- Updated: 2025-11-26T07:20:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Коом

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Пикир" маалыматтык системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.** 

> Министрликтин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүгүн баалоо максатында атайын QR -коддор орнотулуп, иштеп баштады. Мекемеге келген ар бир жаран министрликтин ишин баалап, пикир калтыра алат. 

Ал үчүн:  
• телефонуңуздун камерасын кире бериште же кабылдамаларда жайгашкан QR-кодго багыттап, "Түндүк" тиркемеси аркылуу сканерлеңиз;

• шилтемеге кирип, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа бериңиз жана сунуш-пикириңизди калтырыңыз;

• андан соң, сиздин пикириңиз автоматтык түрдө катталып, тиешелүү адистер тарабынан каралат;

• зарыл болгон учурда чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгы сизге маалымдалат.

Маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.