> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2026-жылы товарларды жүгүртүүдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/27/ieaeb-olkolorundo-2026-zhyly-tovarlardy-zhughurtuudo-navighatsiialyk-plombalar-koldonula-bashtait/
- Published: 2025-11-27T06:36:15.000Z
- Updated: 2025-11-27T06:36:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Евразиялык экономикалык комиссиясында “Навигациялык пломбалар Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн таза жана коопсуз соодасын өнүктүрүү инструменти” конференциясы болгонун ЕЭКтен маалымдады.** 

ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдов конференция катышуучуларына 2026-жылдын 11-февралынан тарта навигациялык пломбалардын жардамы менен жүк ташуулар иш чапрасы башталарын билдирди. 

Анын айтымында, навигациялык пломбаларды колдонуу менен көзөмөл кылуу механизми – логистикалык процесстердин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кыла турган бирден бир инструмент. 

“Жакын аралыктагы тапшырма – биримдиктин бажылык территориясында ташылып жаткан товарларга бажылык жана башка мамлекеттик көзөмөлдү азайтууга шарт түзгөн бирдиктүү маалыматтык чөйрө түзүү”,-дейт Давыдов. 

ЕЭК министри ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндөгү макулдашуусу товарлардын категориялары менен колдонулган транспорт түрүн эске алган көзөмөл механизмин акырындык менен киргизүүнү карайт. 

Пломбаларды ишке киргизүү 3 этап менен жүргүзүлүп, 1,5 жылга созулат.