> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башы менен Казыбек айылдарынын ортосунда күн чырактары орнотулду
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/28/at-bashy-mienien-kazybiek-aiyldarynyn-ortosunda-kun-chyraktary-ornotuldu/
- Published: 2025-11-28T06:57:15.000Z
- Updated: 2025-11-28T06:57:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Казыбек айылдарында электр энергиясын үнөмдөө максатында жаңы күн чырактары орнотулганын Нарын электр тармактар ишканасы “Кабар” агенттигине билдирген.**

Бул чырактар күндүз күн нурунан кубат алып, кечинде өз алдынча иштеп, таң атканга чейин көчөлөрдү жарык кылат. 

> Казыбек айылына орнотулган 200 күн чыракты кадимки электр лампалары менен алмаштырса жылына 233 миң кВт/саат электр энергиясы кетмек. Муну акчага айлантканда дээрлик 1 млн сом болот.

Ал эми күн чырактарына бир гана жолу – 2 млн 50 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалып, алдыдагы 10 жылдык электр чыгымы үнөмдөлгөн. 

Мындай күн чырактарын орнотуу азыркы тапта Кочкор районунда да уланып жатканы айтылат аталган ишкананын маалыматында.