> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек коомдук транспортунда 667 айдоочу жетишпейт
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/28/bishkiek-koomduk-transportunda-667-aidoochu-zhietishpieit/
- Published: 2025-11-28T07:49:50.000Z
- Updated: 2025-11-28T07:49:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Пикир

**Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев 27-ноябрда шаардык коомдук транспорт айдоочулары менен жыйналыш өткөрдү.** 

Мэриядан билдиришкендей, вице-мэр, Транспорт департамантинин өкүлдөрү, "Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдоочулардын сунуштарын, пикирлерини угушуп, көйгөйлөрдү талкуулашты. 

Жыйында айдоочулардын жетишсиздиги, айдоочулар тарабынан накталай төлөм жүргүзүүнү алып салуу, жол эрежелерин бекем сактоо, маяналарды жогорулатуу жана айдоочулардын эмгек шартын жакшыртуу темалары талкууланды. 

> Учурда Бишкекте 667 айдоочу жетишпейт. Сентябрь айында жарым жыл ичинде коомдук транспорттун 730 айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы жана жүргүнчүлөргө талаптагыдай мамиле кылбагандыгы үчүн иштен алынганы маалымдалган.