> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келерки жылы Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилке болуп оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/28/kielierki-zhyly-osh-ozghon-manas-unaa-zholu-4-6-tilkie-bolup-ondolot/
- Published: 2025-11-28T12:37:38.000Z
- Updated: 2025-11-28T12:37:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилерин президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 2026-жылы аймакта аткарылчу ири жол долбоорлору боюнча маалымат берип жатып билдирди.** 

> Анын айтымында, 2026-жылы Ош – Бишкек унаа жолунун 100 чакырым аралыгы оңдолот. Тактап айтканда, Оштон Манас шаарына чейинки бөлүгү 4 – 6 тилкелүү болуп курулуп, Куршаб базарын айланып өткөн жаңы айланма жол салынат.

Мындан тышкары, облус аймагында төмөнкү ири долбоорлор да ишке ашырылат:

- Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 61 чакырым бөлүгү реконструкцияланат.
- Ноокат шаарындагы унаа тыгынын азайтуу максатында узундугу 16 чакырымды түзгөн айланма жол курулат;
- Араван – Төө-Моюн жолунун 40-чакырым тилкеси оңдолот.
- Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы жакшыртылат.
- Дароот-Коргон – Үч-Коргон жолунун 50 чакырым бөлүгү оңдолот.