> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/28/liebiedinovka-ges-5-zholunun-bir-baghytuu-tilkiesi-asfalttaldy/
- Published: 2025-11-28T03:51:57.000Z
- Updated: 2025-11-28T03:52:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымынын бир тараптуу тилкесине асфальт төшөлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкен.**

> Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилген.

Ошондой эле долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери да бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулуп, кыйылган дарактардын ордуна жаңы бак-дарактар отургузулат.