> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Флагштокко барчу жол асфальтталып жатат
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/04/flaghshtokko-barchu-zhol-asfalttalyp-zhatat/
- Published: 2025-12-04T10:49:44.000Z
- Updated: 2025-12-04T10:49:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Аламүдүн районундагы Орто-Сай – Флагшток унаа жолуна асфальт басылып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Жол мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен жаңыланып жатат**. 

Учурда №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2,6 чакырым аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлүп жатат. Аны менен катар тротуар салуу жумуштары жүрүүдө. Алдыда асфальттын экинчи катмары басылат.

> Долбоордо жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуу, унаа токтотуучу жайлар менен жарандардын токтоп, панорамалык көрүнүштөргө көз чаптыруусуна шарт түзгөн аянтчалар каралган.

Белгилей кетсек, бул жол мурда өтө начар абалда болуп, автокаттамга ыңгайсыздык жаратчу. Жол жаңыланса Орто-Сай айылынын тургундарына гана эмес, флагшток багытына эс алууга баргандар үчүн да жакшы шарт түзүлөт.