> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/05/almatydan-karakolgho-aviakattam-achyldy/
- Published: 2025-12-05T14:45:24.000Z
- Updated: 2025-12-05T14:45:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылганы “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкен.**

Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылган. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.“Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылып жатат. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге, же 75 долларды түзөт. Азыр казакстандыктарга ыңгайлуу болгон төлөм системасы караштырылып жатат”, - деп белгилешкен аэропорттон.

Белгиленгендей, билеттер Asman Airlines авиакомпаниясынын тиркемесинде жеткиликтүү.

---

*\_Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia)*каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*