> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги “Кыргызжолтрансдолбоорго” 5 JAC кызматтык автоунаасын тапшырды
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/05/transport-ministrlighi-kyrghyzzholtransdolboorgho-5-jac-kyzmattyk-avtounaasyn-tapshyrdy/
- Published: 2025-12-05T06:51:43.000Z
- Updated: 2025-12-05T06:51:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" Долбоорлоо-Изилдөө Институту мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү 5 даана JAC үлгүсүндөгү кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Ведомство жетекчиси ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн берилип жатканын билдирди. 

> Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринде кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетет.

Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан унаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына да тапшырылган. Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-22-1.jpeg)