> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда жол тейлөө кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/08/ashuularda-zhol-tieiloo-kyzmattary-kuchotulghon-tartiptie-ishtiep-zhatat/
- Published: 2025-12-08T03:32:21.000Z
- Updated: 2025-12-08T03:32:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 8-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө.** 

> "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунду күн бүркөк, жол ачык, Каракол – Эңилчек, Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам бар.

Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда кар жаап жатат, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында күн ала булут, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.