> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# И.Ахунбаев көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын тилке уюштурулду
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/08/i-akhunbaiev-kochosundo-koomduk-transport-uchun-ataiyn-tilkie-uiushturuldu/
- Published: 2025-12-08T05:29:20.000Z
- Updated: 2025-12-08T05:29:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорт үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жол жүрүү шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти улантууда.**

> Муниципалитеттин маалыматына ылайык, И.Ахунбаев көчөсүндө Ж.Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин 2 км ашык коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилке уюштурулду.

Белгилей кетсек, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана көрүнүүсүн жакшыртуу үчүн бул атайын тилкеге сары жол белгилери түшүрүлдү.