> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочуларга эскертүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/12/aidoochulargha-eskiertuu-tooluu-raiondordo-kar-kochku-tushuusu-mumkun/
- Published: 2025-12-12T07:36:35.000Z
- Updated: 2025-12-12T07:36:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 13-15-декабрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө.**

> Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр сакталуусу сунушталат.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон негизги ашуулар:

- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);
- 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдары;
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдары;
- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдары (Көк-Арт ашуусу)

> Айдоочуларга тоо жолдору аркылуу жүрүүдө өзгөчө сактык менен жана ылдамдыкты төмөндөтүү сунушталат.