> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/13/zhany-avtobiekiet-2026-zhyldyn-ekinchi-kvartalynda-kurulup-butot/
- Published: 2025-12-13T12:35:31.000Z
- Updated: 2025-12-13T12:35:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди.** 

Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди.  
  
"Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына байланыштуу дренаж системасын куруу иштери кошумча убакытты жана олуттуу күч-аракетти талап кылды. Натыйжада заманбап, ишенимдүү жана узак мөөнөткө эсептелген дренаж системасы курулду", - дейт суроолорго жооп берип жатып К.Туманбаев.

Буга улай ал автобекетке кирүүчү жолдор 20%га бүтүп, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу жакынкы мезгилде башталарын билдирген.   

Эске салсак, автобекеттин курулуш иштери быйыл 14-январда расмий түрдө башталып, мэр Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин айткан.