> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кар жаап жаткан аймактарда жол тейлөө кызматтары күнү-түнү иштөдө
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/15/kar-zhaap-zhatkan-aimaktarda-zhol-tieiloo-kyzmattary-kunu-tunu-ishtodo/
- Published: 2025-12-15T05:08:04.000Z
- Updated: 2025-12-15T05:08:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.** 

Маалыматка ылайык, 15-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

> Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок. Ошондой эле, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.