> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/16/too-ashuuda-oor-zhuk-tashuuchu-unaalargha-kirghizilghien-chiektoo-alyndy/
- Published: 2025-12-16T04:10:57.000Z
- Updated: 2025-12-16T04:10:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 16-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.** 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Ал эми Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет. 

> Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.