> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каракол-Эңилчек автожолунун айрым тилкеси убактылуу жабылды
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/19/karakol-enilchiek-avtozholunun-airym-tilkiesi-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2025-12-19T09:50:02.000Z
- Updated: 2025-12-19T09:50:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**19-декабрдан 22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек автожолунун 45-90-чакырымдар аралыгы, тактап айтканда Чоң-Ашуу ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

> Малымтка ылайык, чектөө Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде, кар көчкү түшүү коркунучу жана жолдун тайгак болуп муз тоңушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, жол коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды тоолуу аймактарда жана ашуулар аркылуу каттаганда жол эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шартын эске алууга чакырат.