> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сом болду
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/22/2025-zhylgha-zhol-fondunun-taktalghan-biudzhieti-11-4-mlrd-som-boldu/
- Published: 2025-12-22T04:34:43.000Z
- Updated: 2025-12-22T04:34:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сомду түзгөнүн Финансы министрлиги 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда маалымдаган.**

Фонддун бюджети мурда бекитилген 4,4 млрд сомдон 6,9 млрд сомго көбөйтүлгөн.

Жол фондун түзүү жөнүндө мыйзам 2022-жылдын 30-майында кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, фонддун киреше бөлүгү 17 булактан түзүлөт. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга жумшалат:

> жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоо;

> жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу.