> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда чектөөлөр сакталууда
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/22/aba-yraiyna-bailanyshtuu-airym-ashuularda-chiektoolor-saktaluuda/
- Published: 2025-12-22T04:20:38.000Z
- Updated: 2025-12-22T04:20:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 22-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн көпчүлүк ашууларында жол ачык. Бирок айрым унаа жолдорунда аба ырайына жана кар көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу чектөөлөр сакталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө бүгүн, 22-декабрь саат 08:40та алынды.

> Ошол эле учурда, Каракол-Эӊилчек унаа жолунун 38–112-чакырымдар аралыгында 19-декабрдан 22-декабрга чейин бардык унаалар үчүн убактылуу чектөө күчүндө калууда. Чечим кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык.

Учурда өлкө аймагында кар жаап, жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.