> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек санитардык полигонуна кирүүчү жол оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/23/bishkiek-sanitardyk-polighonuna-kiruuchu-zhol-ondolot/
- Published: 2025-12-23T03:15:45.000Z
- Updated: 2025-12-23T03:15:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Бишкек санитардык полигонуна алып баруучу жол оңдолот. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, подрядчы компанияны аныктады.**

Эми жолго капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Документке ылайык, Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясы "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын көзөмөл-өткөрмө пунктунан "Борбор калаада калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү"инвестициялык долбоорунун алкагында курулган технологиялык комплекс жайгашкан аймакка чейинки участокто жүргүзүлө турган иштердин буйрутмачысы болуп аныкталды.

> Жолду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүчү катары "Даймонд Дор Строй" ЖЧКсы белгиленди.