> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/23/kiiev-zhana-toktoghul-kocholorundo-bir-taraptuu-zhol-kyimyly-kirghiziliet/
- Published: 2025-12-23T09:32:04.000Z
- Updated: 2025-12-23T09:32:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир тараптуу жол кыймылы уюштуруларын билдирет.**

Маалыматка ылайык, белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотот.

> Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаар тургундарын жана конокторун өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.