> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулуктагы №366 каттамга кошумча автобус берилди
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/23/sokuluktaghy-366-kattamgha-koshumcha-avtobus-bierildi/
- Published: 2025-12-23T13:12:31.000Z
- Updated: 2025-12-23T13:12:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 23-декабрда Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта жана Дача-Радуга конуштарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Анда буга чейин көйгөй жаратып келген коомдук транспорт маселеси жеринен талкууланды. Натыйжада, каттамды тейлеген "Восток-Запад Транзит" ЖЧКсы тарабынан №366 каттамга дагы 1 кошумча автобус коюлуп, аткарылуучу рейстердин cаны көбөйтүлдү.

Буга чейин аталган конуштары тейлеген №366 шаар четиндеги каттам ырааттамасы боюнча 1 автобус күнүнө 5 рейс аткарып келгенин белгилейбиз.

Эскерте кетсек, 22-декабрь күнү Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта, Дача-Радуга конуштарынын тургундары коомдук транспорт көйгөйүн айтып, социалдык тармактан кайрылуу жасаган.