> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# С.Жапаров: "Кыргыз армиясына жүздөгөн миллиард сомго заманбап техникалар сатылып алынды"
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/25/s-zhaparov-kyrghyz-armiiasyna-zhuzdoghon-milliard-somgho-zamanbap-tiekhnikalar-satylyp-alyndy/
- Published: 2025-12-25T05:32:50.000Z
- Updated: 2025-12-25T05:32:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө сөз сүйлөп, акыркы жылдары Кыргызстандын коргонуу тармагы олуттуу түрдө модернизацияланганына токтолду.** 

"Жүздөгөн миллиард сомго заманбап аскердик техника, авиациялык комплекстер, байкоо жүргүзүү каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорт жана байланыш жабдуулары сатып алынды. Көп жылдардан бери биринчи жолу биздин армия XXI кылымдын талаптарына жооп берген заманбап жабдууларга ээ болду.

Бирок техника — бул иштин жарымы гана. Биз аскер кызматкерлерин даярдоо стандарттарын да жаңыладык, тартипти күчөттүк, социалдык колдоону жакшырттык", - деди өлкө башчы. 

Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз аскер кызматкери — заманбап технологияларды өздөштүргөн, аскердик антка берилген жана каалаган учурда Кыргызстанды коргоого даяр болгон адис.

"Биз мындан ары да армияны реформалоону улантабыз, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо багытындагы иштерди күчөтөбүз, өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтебиз жана өлкөнүн ички жана тышкы коркунучтарга туруктуулугун мындан ары да бекемдейбиз", — деди Садыр Жапаров.