> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/25/sary-talaa-kyzyl-tash-zardaly-unaa-zholu-paidalanuugha-bierildi/
- Published: 2025-12-25T07:44:43.000Z
- Updated: 2025-12-25T07:44:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилгенин билдирди.** 

Президенттин тапшырмасы менен Сары-Талаа айылынан баштап Кызыл-Ташка чейинки узундугу 11 чакырым, туурасы 3-4 метр болгон кууш жолдун туурасы 6 метрге кеңейтилип, Кызыл-Таштан Зардалы айылына чейинки 7 чакырым жол жаңыдан курулуп, Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.

Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча, жол 26 чакырымга кыскарды.  
Ошондой эле жыл бою автоунаа каттамы камсыз кылынат, себеби бул бөлүктө кар дээрлик турбайт. Жалпы узундугу 18 чакырым болгон Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы автожолунун курулушунун баасы 888,9 млн. сом.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/WhatsApp_Image_uPhS5uJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Зардалы айылында эл менен жолугушуу учурунда Зардалы айылына 2025-жылы жол курула тургандыгын айткан.