> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы жылда шаардык автобустар түнкү саат 2ге чейин иштейт
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/25/zhany-zhylda-shaardyk-avtobustar-tunku-saat2ghie-chieiin-ishtieit/
- Published: 2025-12-25T03:44:03.000Z
- Updated: 2025-12-25T04:23:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Борбор калаада 1-январга караган түнү 300 автобус түнкү 2ге чейин иштерин “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, Жаңы жыл күнү калаанын тургундары үчүн Ала-Тоо аянтында маданий иш-чаралар өтөт.

“Майрамдык кечеге келген жана жалпы шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттор штаттык режимде иштейт”,-деп белгиледи ал.

> Анын айтымында, учурда Бишкекте жалпы 1 628 автобус болсо, анын 1200ү каттамдарга каттамдарга чыгып, элге кызмат көрсөтүп жатат. 

> "2026-жылы ААРдин курамына кирген жаңы конуштардагы тар көчөлөр үчүн узундугу 7 метр болгон автобустар алып келинет. Анткени 12 метрлик ири автобустар ал жерлерге батпайт”, - дейт ал "Кыргыз радиосуна" берген маегинде.