> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда жана унаа жолдорунда каттам ачык
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/26/ashuularda-zhana-unaa-zholdorunda-kattam-achyk/
- Published: 2025-12-26T03:47:23.000Z
- Updated: 2025-12-26T03:47:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, саат 09:00гө карата өлкөнүн бардык ашуулары жана унаа жолдорунда каттам ачык. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр жок. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты тейлеген жол тейлөө ишканалары тарабынан жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

> Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган бардык унаа жолдордо тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылууда.

**Урматтуу айдоочулар!**  
Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жүрүүдө унаа дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүңүздөрдү өтүнөбүз.