> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/26/too-ashuuda-oor-zhuk-tashuuchu-unaalargha-ubaktyluu-chiektoo-kirghizildi/
- Published: 2025-12-26T09:02:37.000Z
- Updated: 2025-12-26T09:02:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 24-декабрда саат 13:00дөн тартып, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочулардан тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тартууда унаа дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүңүздөрдү өтүнөбүз.