> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы жылда аймактарга каттаган автобустар үзгүлтүксүз иштейт
- URL: https://im.kg/transport/2025/12/30/zhany-zhylda-aimaktargha-kattaghan-avtobustar-uzghultuksuz-ishtieit/
- Published: 2025-12-30T06:44:53.000Z
- Updated: 2025-12-30T06:44:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Жаңы жыл майрамында жана эс алуу күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти шаарлар жана облустар аралык автобустарды үзгүлтүксүз каттоосун камсыз кылат.**

Министрликтин маалыматына ылайык, 22-декабрдан тарта Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам уюштурулган, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервде турат. Мындай резерв 2026-жылдын 8-12-январы аралыгында да колдонулат.

> Автобустардын саны жетиштүү, билеттер тынымсыз сатылып, жол кире негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнүп жатат. Аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, ташууну көзөмөлдөйт, – деп айтылат маалыматта.