> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Монте-Карлонун" ордуна "Венеция"
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/01/montie-karlonun-orduna-vienietsiia/
- Published: 2026-01-01T04:48:04.000Z
- Updated: 2026-01-01T04:48:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**31-декабрдын кечинде Бишкекте курулуп жаткан Old Bishkek аттуу жаңы соода комплексинин аймагын жааган жамгырдан кийин суу каптады.**

Комплекс Чүй проспектисинде, Д.Шопоков жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда курулуп, коомчулук тарабынан бир топ нааразычылыктарды жараткан. Буга чейин Old Bishkek комплексинин ээси Нариман Түлеев сын-пикирлерге жооп берип жатып, "бул жерди Монте-Карло кылам" деп билдирген.

Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармактарда жарыяланды.

Колдонуучулар дренаждык система талаптагыдай иштебей калганын белгилеп, убада кылынган "Монте-Карлонун" ордуна шаардыктар азыр "Венецияны" көрүп жатышканын жазышууда.