> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Tesla дүйнөлүк электромобилдерди сатуу лидерлигин кытайлык BYD компаниясына алдырды
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/03/tesla-duinoluk-eliektromobildierdi-satuu-lidierldighin-kytailyk-byd-kompaniiasyna-aldyrdy/
- Published: 2026-01-03T13:15:28.000Z
- Updated: 2026-01-04T12:07:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Tesla электромобилдерди сатууда дүйнөлүк лидерликти кытайлык BYD компаниясына өткөрүп берди. Америкалык электромобилдерди өндүрүүчү 2025-жылы 1,655 миллион унаа чыгарган, бул өткөн жылга карата 6,7%га аз, ал эми сатылган унааларынын саны 1,636 миллионду түзүп, 8,6%га кем болгон. Бул маалыматтар компаниянын отчетунда көрсөтүлгөн.**

Кытайлык BYD компаниясы болсо өткөн жылы 2,26 миллион унаа сатып дүйнөдөгү эң ири электромобилдерди өндүрүүчү болуп калды.

Белгилүү болгондой, Tesla өткөн жылы 1,601 миллион Model 3 жана Y үлгүсүндөгү электромобилдерди, ошондой эле 53 900 даана башка үлгүдөгү унаа чыгарган.

Tesla компаниясы 2025-жылдын IV кварталынынын жыйынтыгы менен 434 358 электромобиль чыгарган. Бул өткөн жылга карата 5,8%га төмөн.