> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ жол-кайгуул кызматында планшеттеги жаңы тиркеме иштей баштады
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/12/iim-zhol-kaighuul-kyzmatynda-planshiettieghi-zhany-tirkiemie-ishtiei-bashtady/
- Published: 2026-01-12T08:26:48.000Z
- Updated: 2026-01-12T08:26:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**"Кызмат" мамлекеттик мекемеси ИИМ кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулган мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> Планшеттер жол-кайгуул кызматкерлеринин ишинде колдонулууда. Тиркеме айдоочулар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтарды, анын ичинде издөөдө болуу жана айып пулдар боюнча маалыматтарды ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Санариптик чечимдер кызматтын натыйжалуулугун жогорулатып, жол коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.