> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми мопед айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк талап кылынабы?
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/13/emi-mopied-aidoo-uchun-a1-katieghoriiasyndaghy-kuboluk-talap-kylynaby/
- Published: 2026-01-13T12:16:24.000Z
- Updated: 2026-01-13T12:16:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр" тууралуу долбоор каралды.**

Документ КР президентинин жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалган. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, өзгөртүүлөр мас абалында айдоо, адам өлүмүнө же оор кесепетке алып келген эреже бузуулар үчүн жазаны күчөтүүнү камтыйт. 

> Ошондой эле жабырлануучу менен жарашуу аркылуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, жазалардын өлчөмү кайра каралат жана пробация колдонулбайт.

Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк милдеттүү кылуу сунушталууда.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору I окууда колдоо тапты жана кийинки этапка өттү.