> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сосновка, Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында былтыр 300 млн 266 миң  сом чогулган
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/13/sosnovka-kara-kol-kozomol-otkoruu-punkttarynda-byltyr-300-mln-266-min-som-choghulghan/
- Published: 2026-01-13T11:04:21.000Z
- Updated: 2026-01-13T11:04:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Сосновка менен Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң сом жыйым чогулганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.** 

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп.

Буга чейин калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасы коюлган. Натыйжада, айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулган.

Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код же электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат. 

Мындан тышкары, Сосновка жана Кара-Көл контролдоо пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилген.