> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/14/bishkiek-osh-zholunda-mazut-tashyghan-bienzovoz-oodarylyp-kyimyl-bir-taraptuu-zhuruudo/
- Published: 2026-01-14T06:50:52.000Z
- Updated: 2026-01-14T06:50:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 14-январда саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428-чакырымында мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен. Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти.** 

Кесепеттерден жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу жүрүүдө.

> Айдоочуларга эскертүү: жол эрежелерин так сактоо, башкалардын убактысын сыйлоо жана алыс жолго чыгардан мурун унааны техникалык абалдан өткөрүү өтө маанилүү.