> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/14/byltyr-batkiendie-zhol-eriezhiesin-buzghandardan-66-5-mln-som-aiyp-pul-ondurulghon/
- Published: 2026-01-14T12:55:52.000Z
- Updated: 2026-01-14T12:55:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.** 

Анын ичинде: 

- мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу;
- тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу;
- автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу;
- жол белгилерине баш ийбеген — 14 063 айдоочу.

> Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6200 унаа убактылуу айып короого токтотулган. Ал эми аталган мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 66 млн 517 миң 670 сом айып пул өндүрүлгөн.