> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тейлөө иштери күчөтүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/16/aba-yraiynyn-kieskin-ozghorushunon-ulam-zhol-tieiloo-ishtieri-kuchotuldu/
- Published: 2026-01-16T09:18:05.000Z
- Updated: 2026-01-16T09:18:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу бардык жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жана ашууларда кышкы тейлөө иштерин күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү тынымсыз жүргүзүп жатышат.** 

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, аталган иштер негизинен Бишкек–Ош, Бишкек–Нарын–Торугарт, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда, ошондой эле Боом капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө жана башка тоолуу тилкелерде аткарылууда. Жолдор кардан тазаланып, тайгактыкка каршы материалдар себилүүдө.

> Кышкы жол шарттарын эске алуу менен айдоочуларга унааларды алдын ала даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.