> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Авиаташуучуларды  ички 8 авиакаттам боюнча төлөмдөрдөн бошотуу каралып жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/16/aviatashuuchulardy-ichki-8-aviakattam-boiuncha-tolomdordon-boshotuu-karalyp-zhatat/
- Published: 2026-01-16T08:15:01.000Z
- Updated: 2026-01-16T08:15:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Министрлер Кабинети авиаташуучуларды ички рейстерде айрым төлөмдөрдөн бошотуу боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Максат — авиабилеттердин баасын туруктуу кармоо жана ички жарандык авиациянын өнүгүшүн колдоо.**

Долбоорго ылайык, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы авиакомпаниялардан аэронавигациялык кызматтар үчүн төлөмдөрдүн 50%ын гана алат. Кыргызстанда катталган жана сегиз социалдык маанилүү багыт боюнча рейстерди аткарган авиакомпаниялар рейсти аткарган учурдан тарта жети календардык күн бою бул төлөмдөрдөн бошотулат. 

Аэропорттук төлөмдөр боюнча да ушундай чаралар сунушталып жатат. 

"Кыргызстан аэропорттору" ААКы башка сегиз багыт боюнча рейстерди аткарган компаниялар төлөмдөрдөн 100% толук бошотулуп жаткан убакта авиаташуучулардан төлөмдөрдүн 50%ын гана алууну сунуш кылып жатат.