> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр “Кыргыз темир жолу” 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/16/byltyr-kyrghyz-tiemir-zholu-420-mindien-ashyk-zhurghunchu-tashyghan/
- Published: 2026-01-16T04:34:45.000Z
- Updated: 2026-01-16T04:34:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**“Кыргыз темир жолу” ишканасы өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчүнү ташыганын билдирди.**

Ишкана өлкө ичинде Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды жана жайкысын Бишкек-Балыкчы багыттарында, ошондой эле өлкө чегинен тышкары Бишкек-Казань жана Бишкек-Москва багыттарында туруктуу каттамдарды камсыз кылууда. 

> 2025-жылы Токмок жана Кара-Балтадан Бишкекке күн сайын жумушка келген жарандардын ыңгайын эске алуу менен поезддердин кыймыл графиги жаңыртылып, өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпысынан өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды.

Бишкек-Балыкчы багытында эки жогорку комфорттуу ВИП-вагон пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, ишкана алты вагонду модернизациялап, өздүк вагон-генераторун иштеп чыкты.

Туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчынын борбордук пляжына жетүүчү 6 км темир жол тилкеси капиталдык оңдодон өткөрүлдү. Ошондой эле 10 жуп туристтик поезд уюштурулуп, Бишкек-2 жана Балыкчы бекеттеринде туристтерди салтанаттуу тосуп алуу уюштурулду.