> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/17/kyrghyzstangha-myizamsyz-kirghizilghien-unaalar-myndan-ary-myizamdashtyrylbait/
- Published: 2026-01-17T06:23:15.000Z
- Updated: 2026-01-17T06:23:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир жолу кампания өткөрүлбөй турганын билдирди.**

Министрлик мындай машинелер убагында Кыргызстанга бажылык декларациялоо жол-жоболорун жүргүзүлбөй, ЕАЭБ бажылык жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык бажы төлөмүн төгүлбөй мыйзамсыз киргизилгенин кабарлады.

Мекеме өлкөгө автоунааны ташып келүүдө бир машинеге орточо 1 800 доллар бажы төлөмү алынып, аны Кыргызстандын ичинде каттоого дагы 400 доллар кетерин кошумчалады. Чет өлкөлүк номур менен жүргөн машинелердин ээлери бул каражатты төлөбөгөнүн белгилеген министрлик аларды кайра-кайра мыйзамдаштырып берүү мыйзамды так сактаган адамдарга карата акыйкатсыздык болуп каларын билдирди.

Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылды. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетиши керек же тетик катары чачып сатса болот.