> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/19/balykchy-shaaryna-10-ataiyn-tiekhnika-bierildi/
- Published: 2026-01-19T07:56:02.000Z
- Updated: 2026-01-19T07:56:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техника сатып алынганын "Кабар" жазды.** 

> Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал. 

Аталган техникалар Балыкчы шаарынын муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында алынды. 

Жаңы техникалар шаардын курулуш иштерине, коммуналдык-чарба иштерине жана социалдык-экономикалык жакшыруусуна чоң салымын кошот.