> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкекте 119 чакырым жол оңдолот жана курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/20/byiyl-bishkiektie-119-chakyrym-zhol-ondolot-zhana-kurulat/
- Published: 2026-01-20T11:27:20.000Z
- Updated: 2026-01-20T11:27:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**2026-жылы Бишкекте жалпысынан 119 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Жолдорду реабилитациялоо асфальт-бетон катмарын жаңылоону, жолдун негизин, тротуарларды оңдоону, коопсуздук элементтерин орнотууну жана суу агызуу тутумдарын жакшыртууну камтыйт.**

Ошондой эле быйыл жалпы узундугу 18,83 чакырымды түзгөн жаңы унаа жолдорун куруу каралган.

**Курула турган жаңы жолдор:**

- Сухэ-Батор көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин);
- Ауэзов көчөсү (Сухэ-Батор көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин);
- Ахунбаев көчөсү (Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
- Ч. Валиханов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин);
- Дүйшеев көчөсү (Молдобасанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин);
- Дүйшеев көчөсү (Байтик баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин, көпүрө куруу менен);
- Достоевский көчөсү (Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин);
- Бакаев көчөсү (Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
- Чокан Валиханов көчөсү (Чүй проспектисинен ЖЭБдин техникалык каналдары аркылуу Көлбаев көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
- Исакеев көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Кара дарыя көчөсүнө чейин);
- Жаманбаев көчөсү (Малдыбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
- Т. Айтматов проспектиси менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол өтмөгүн куруу, Л. Толстой көчөсүнө чыгуу менен.