> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр дыйкандарга лизингге 9,8 млрд  сомдук техника берилген
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/21/byltyr-dyikandargha-lizinghghie-9-8-mlrd-somduk-tiekhnika-bierilghien/
- Published: 2026-01-21T09:15:56.000Z
- Updated: 2026-01-21T09:15:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Гранттар жана кредиттер

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлердин машина-трактор паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашырып жатат.**

2011-жылдан бери "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жети лизингдик долбоор иштеп келет. Анын алкагында айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар жеңилдетилген шарттарда 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% менен лизингге берилүүдө.

> Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде фермерлерге жалпы суммасы 27,9 миллиард сомду түзгөн 9 миң 863 даана техника берилди. Анын ичинен 2025-жылы 2 миң 853 даана техника 9,8 миллиард сомго берилген.

Бул чаралар механизацияланган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.