> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Россиядагы жаңы унаалардын 49,8%ы Кыргызстан аркылуу кирген
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/26/byltyr-rossiiadaghy-zhany-unaalardyn-49-8-y-kyrghyzstan-arkyluu-kirghien/
- Published: 2026-01-26T03:58:37.000Z
- Updated: 2026-01-26T03:58:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**2025-жылы Россиядагы ар бир экинчи Toyota унаасы Кыргызстан аркылуу импорттолгонyн "Автостат" агенттигинин директору Сергей Целиков өзүнүн Telegram-каналында билдирди.**

Унаа импорту 2024-жылга салыштырмалуу 12%га өскөн. Жаңы унаалардын басымдуу бөлүгү Кытайда чогултулган болсо, колдонулган унаалар негизинен Япониядан келген.

> Бир жыл ичинде Россия рыногуна жалпысынан 127,8 миң Toyota унаасы жеткирилген. Анын ичинен төрттөн бири — 30,3 миңи жаңы унаалар болуп, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 40%га жогорулаган. Калган 97,5 миң унаа колдонулган болуп, алардын көлөмү жылдык эсеп менен 6%га өскөн. Жалпысынан унаа импорту 2024-жылга салыштырмалуу 12%га көбөйгөн.

Жаңы унаалардын 80%дан ашыгы Кытайдан келген. Ал эми колдонулган унаалардын болгону 13,3%ы Кытайда чогултулган болсо, 83,5%ы Япониядан чыккан.

> Жаңы унаалардын дээрлик жарымы — 49,8%ы Кыргызстан аркылуу импорттолгон. Ошол эле учурда унаалардын 33,8%ы Кытайдан түз жеткирилген. Аз сандагы унаалар Япониядан, ошондой эле Беларусь жана Грузия сыяктуу өлкөлөр аркылуу келген.