> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл өлкө боюнча дагы 20 миң видеокамера орнотулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/27/byiyl-olko-boiuncha-daghy-20-min-vidieokamiera-ornotulat/
- Published: 2026-01-27T03:16:30.000Z
- Updated: 2026-01-27T03:16:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**2025-жылдын ичинде коомдук коопсуздук камералары 6 миңден ашык укук бузууну аныктаганын "Биринчи радио" эфиринде ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Батырбаев билдирди.**

"Бүгүнкү күндө республика боюнча коомдук жайларда 3 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы иштеп жатат. Ар бир аныкталган факт боюнча маалымат мыйзам чегинде чара көрүү үчүн райондук ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт", — деди Алмаз Батырбаев.

Ал ошондой эле 2026-жылы "Коопсуз өлкө" долбоорунун экинчи этабынын алкагында 20 миң видеокамера орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Адегенде кызматкерлер кылмыштар көп катталган жерлерди талдап чыгышат. Мындан тышкары, видеожабдууларды орнотуу үчүн тиешелүү инфраструктура — үзгүлтүксүз электр энергиясы, интернет байланыш линиялары жана башка шарттар талап кылынат. Камералар бир нече түргө бөлүнөт: айрымдары өз огунун айланасында 360 градуска айланып турса, башкалары туруктуу болуп, бир багытты гана көзөмөлдөйт", — деп түшүндүрдү Алмаз Батырбаев.