> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Февралдын ортосунан баштап мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана иштейт
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/27/fievraldyn-ortosunan-bashtap-mamliekiet-kozomoldoghon-avtomiektieptier-ghana-ishtieit/
- Published: 2026-01-27T05:39:45.000Z
- Updated: 2026-01-27T05:39:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Коом

**Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасы толугу менен реформаланат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы билдирүүсүндө айтты.**

Анын айтымында, акыркы жылдары жол кырсыктары көбөйүп, адам өлүмү арткан. Бул көрүнүш айдоочуларды даярдоодо көп жылдар бою көз жумуп келген системанын натыйжасы болуп саналат. Айрым жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгенин да ачык моюнга алуу керектигин белгиледи.

> "Айдоочулук — бул жөн гана рул кармоо эмес, бул чоң жоопкерчилик. Биз рулга отурганда өз өмүрүбүз үчүн гана эмес, жолдогу ар бир адам үчүн жооп беребиз", — деди ал.

Каныбек Туманбаев жеке автомектептердин айрым өкүлдөрү лицензиялары алынганына нааразы болуп жатканын, бирок реформалар тууралуу аларга алдын ала эскертилгенин билдирди. Анын айтымында, бардык автомектептер "Ынтымак Ордого" чакырылып, өзгөрүүлөр боюнча аларга так маалымат берилген.

> Мамлекет бул реформаларды кимдир бирөөгө каршы эмес, адам өмүрүн сактоо максатында жүргүзүп жатканын белгиледи. Татыктуу жана тажрыйбалуу автомектептердин мугалимдери мамлекеттик окутуу системасына тартылары айтылды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын февраль айынын ортосунан тартып, жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык иштеген, мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана курсанттарды окутууга укуктуу болот.