> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унаанын айнегин караңгылатуу баасы арзандады
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/29/unaanyn-ainieghin-karanghylatuu-baasy-zhoghorulady/
- Published: 2026-01-29T11:33:40.000Z
- Updated: 2026-01-29T11:33:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**МинКаб транспорттук каражаттардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыйымдардын баасын убактылуу төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

Токтомго ылайык, жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленди:

- 350 эсептик көрсөткүч (35 миң сом) — жеке жактар үчүн;
- 550 эсептик көрсөткүч (55 миң сом) — юридикалык жактар үчүн;
- 750 эсептик көрсөткүч (75 миң сом) — резидент эместер (чет өлкөлүктөр) үчүн.

Бул чечим унаа ээлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү жана уруксат кагаздарын жол-жоболоштурууда каржылык жүктү азайтуу максатында кабыл алынганы белгиленди.