> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сентябрь айына чейин Сокулукта электромобиль чыгаруучу завод курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/30/sientiabr-aiyna-chieiin-sokulukta-eliektromobil-chygharuuchu-zavod-kurulat/
- Published: 2026-01-30T11:38:54.000Z
- Updated: 2026-01-30T11:38:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Чүй облусунун Сокулук районунда электромобилдерди чыгаруучу завод куруларын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата бекитилген иш планына ылайык маалым болду.**

> Ведомствонун маалыматына ылайык, электромобилдерди чогултуу жана өндүрүү боюнча ишкана жеке инвестицияларды тартуу менен 2026-жылдын 30-сентябрына чейин пайдаланууга берилүүсү пландалууда.

Долбоордун аткарылышы үчүн Экономика жана коммерция министрлиги, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жооптуу болуп белгиленди.

Эске салсак, 2024-жылы Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай саясаты башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев радио эфиринде 2025-жылы Сокулук районунда кыргыз бренди менен автоунаалар чыгарылуучу завод ишке киргизилерин билдирген.

Анын айтымында, бул ишкана Кытайдын Jaecoo компаниясы менен биргеликте курулууда. 

Jaecoo — Кытайдын Chery Automobile компаниясынын бөлүмү болуп саналат. Бул бренд негизинен жол тандабастарды жана кроссоверлерди Европа өлкөлөрүнө, Россияга, Малайзияга, Жакынкы Чыгышка жана Түштүк Африкага экспорттоого багытталган.