> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/30/taksi-kyzmatyn-litsienziialoo-moonotu-1-iiulgha-chieiin-zhyldyryldy/
- Published: 2026-01-30T03:28:11.000Z
- Updated: 2026-01-30T03:28:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алганын ведомстводон билдиришти.**

2025-жылдын 12-сентябрынан тартып жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.

> Кийинчерээк, 2025-жылдын 3-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.

Учурда өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алган.

> Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты.