> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол коопсуздугу үчүн бир жылда 11 миңден ашык жол белгисин чыгарды
- URL: https://im.kg/transport/2026/01/30/zhol-koopsuzdughu-uchun-bir-zhylda-11-mindien-ashyk-zhol-bielghisin-chyghardy/
- Published: 2026-01-30T10:05:22.000Z
- Updated: 2026-01-30T10:05:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды. 

> Белгилей кетсек, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. 

Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет.