> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Лебединовка –  ГЭС-5 жолунда жол куруу иштери уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/02/bishkiektieghi-liebiedinovka-ges-5-zholunda-zhol-kuruu-ishtieri-ulanuuda/
- Published: 2026-02-02T09:41:27.000Z
- Updated: 2026-02-02T09:41:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунда жер жумуштары уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

> Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилип, асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. 

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-1.jpeg)